Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 9-сессиясы
2022-жылдын 3-февралы № 3
Момбеков айыл аймагындагы калктуу конуштарды инвентаризациялоо жɵнүндɵ
Момбеков айыл Өкмөтүнүн жер адиси Б Жакыбалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 9-сессиясы токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды инвентаризациялоо жөнүндө Б.Жакыбалиеванын маалыматы канааттандырылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн ар бир аймагындагы калктуу конуштарды инвентаризациялоо Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясы “Кыргызгипрозем” ишканасынан суралсын.
3. “Кыргызгипрозем” ишканасы тарабынан бекитилген сметадагы акча каражатын кошумча булактардан карап которуп берүү жагы каржы ФЭБнүн башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.
4. Калктуу конуштарды инвентаризациялоого документтерди даярдоо жагы социалдык маселелер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана жер боюнча башкы адис Б Жакыбалиевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | И.Абдыразак уулу |