Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 9-сессиясы
2022-жылдын 3-февралы № 4
2022-2026-жылдарга өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Момбеков айыл өкмөтүнүн 2022-2026 жылдарга өнүгүү программасынын алкагында инвестициялык долбоорлор стратегиялык планы бекитүү максатында Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 9-сессиясы токтом кыламын:
1. Жер-жерлерде өткөн жыйналыштардын протоколунун негизинде 2022-2026-жылдарга өнүгүү программасынын алкагында инвестициялык долбоорлор стратегиялык планы бекитилсин.
2. 2022-2026-жылдарга өнүгүү программасынын алкагында инвестициялык долбоорлор стратегиялык планы боюнча иш алып баруу жагы инвестицияларды тартуу боюнча айыл өкмөтүнүн орун басары Т. Эгембердиевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы айыл өкмөтүнүн орун басары Т.Эгембердиевке жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | И.Абдыразак уулу |