Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8 чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы
2021-жылдын 18-марты № 44
Мал жандыктарды алдын ала эмдөө жана ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Мал жандыктарды алдын ала эмдөө жана ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү боюнча вет адис Токтогазиев Көчкөндүн маалыматын угуп жана талкуулап М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын 8-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 9-сессиясынын мал жандыктарды алдын ала эмдөө жана ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү боюнча токтому жокко чыгарылсын.
2. Чолпон-Ата айыл аймагындагы мал жандыктарды алдын ала эмдөө, ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү жана ийне сайуунун тарифи боюнча элдин кайрылуусунун негизинде жылкыга 50-сом, уйга-40сомдон жандык малга 15 сом, мышык, иттерге -20 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтом Cholponata.org сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кенешинин төрайымы | Р.Токтоназарова |