Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8 чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы
2022-жылдын 18-марты № 46
Чолпон-Ата айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди жогорку мамлекеттик денгээлде чечиле турган жумуштарды аткаруу боюнча иш чараларды иштеп чыгуу жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 8-сессиясы М.Абдылдаев айылдык Кенешинин төрайымы Р.Токтоназарованын билдирүүсүн угуп,талкуулап айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чолпон-Ата айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди жогорку мамлекеттик денгээлде чечиле турган жумуштарды аткаруу боюнча иш чараларды 10-майга чейин иштеп чыгуу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкуловго милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
3. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кенешинин төрайымы: | Р.Токтоназарова |