Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8 чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы
2022-жылдын 18-марты № 47
Чолпон-Ата айыл аймагындагы мал жандыктардын жайлоого чыгуусу жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 8-сессиясы М.Абдылдаев айылдык кеңешинин муниципиалдык менчик,жер,жайыт,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Бобушовдун билдирүүсүн угуп,талкуулап айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чолпон-Ата айыл аймагындагы мал жандыктардын жайлоого чыгуусу жакынкы жайыттарга 15-апрельге чейин, алыскы жайыттарга 01-июнга чейин көчүп чыгуу жагы белгиленсин.Жайлоодон мал жандыктардын түшуүсу 01-октябрга белгиленсин.
2.Токтомдо белгиленген мөөнөттөр бузулган шартта мыйзам чегинде, айып пулдарды салып иш алып баруу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтунун айыл башчыларына жана жайыт комитетинин башчысы М.Жуманазаровго милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө муниципиалдык менчик,жер,жайыт,экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсун.
3. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кенешинин төрайымы: | Р.Токтоназарова |