Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8 чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы
2022-жылдын 18-марты № 50
Чолпон-Ата айыл аймагынын 2022-жылдан 2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктурүү программага толуктоолорду киргизуу боюнча жөнүндө
Чолпон-Ата айыл аймагынын 2022-жылдан 2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктурүү программага толуктоолорду киргизуу үчүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чолпон-Ата айыл аймагынын 2022-жылдан 2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктурүү программага толуктоолорду киргизуу боюнча коомдук угуунун катышуучуларынын туризм багыты жана аймактын туристик брендин айылдык бирдиктүү фирмалык стилин,логотибин уюштуруу боюнча сунуштары эске алынсын жана чечүу жолдору иликтенип туризм багытта иш аракеттер жүргүзүлсүн.
2. Чолпон-Ата айыл аймагынын 2022-жылдан 2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктурүү программасынан туризм багыты жана аймактын туристик брендин айылдык бирдиктүү фирмалык стилин,логотибин уюштуруу маселеси айыл тургундарынан түшкөн сунуштарды эске алуу менен 2022-жылы аткарыла турган иш чарага киргизилип жумушчу топ тарабынан иштелип чыксын
3.Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Э.Жаманкуловго милдеттендирилсин.
4.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсун тиешелүлүугунө жараша жөнөтүү айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Турумкуловага тапшырылсын.
6.Бул токтом Cholponata.сom Чолпон-Ата айылдык кеңешине сайтына жайгаштыырылган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кенешинин төрайымы: | Р.Токтоназарова |