Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XV сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 50
Торкен айылынын тургундары Байболот уулу Жакшылыктын жазган арызы боюнча жайыт жерден 2,5га жерди жана Дөөлөткелдиев Бузурмандын жазган арызы боюнча жайыт жерден 10га жерди айдоо аянттарына трансформацияга которууга макулдук берүү жөнүндө
Торкен айылынын тургундары Байболот уулу Жакшылыктын жазган арызы боюнча жайыт жерден 2,5га жерди жана Дөөлөткелдиев Бузурмандын жазган арызы боюнча жайыт жерден 10га жерди айдоо аянттарына трансформацияга которууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XV сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Торкен айылынын тургуну Байболот уулу Жакшылыктын арызы боюнча Чоң-Дөбөнүн Чат участогунан жайыт жерден 2,5га жерди айдоо аянттарына трансформацияга которууга жана Дөөлөткелдиев Бузурмандын жамаат менен жазган арызы боюнча Түлкүбай-Булак участогунан жайыт жерден 10га жерди айдоо аянттарына трансформацияга которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | К.Таалайбек уулу |