Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XV сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 51
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин айрым беренелерин жылдыруу жана «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Кѳл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинен Торкен айылдык клубунун курулушуна бөлүнгөн акча каражатын аппараттын атайын эсебинин беренесине бөлүштүрүү жөнүндө
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин айрым беренелерин жылдыруу жана «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Кѳл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинен Торкен айылдык клубунун курулушуна бөлүнгөн акча каражатын аппараттын атайын эсебинин беренесине бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XV сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин айрым беренелерине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Кѳл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинен бөлүнгөн Торкен айылдык клубунун курулушуна бөлүнгөн 2150000сом акча каражаты аппараттын атайын эсебинин 3111 беренесине которулсун.
-мектептин 2211 беренесиндеги 20000сом сапар чыгымы, 2215 беренесине сайт ачууга жылдырылсын.
2. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | К.Таалайбек уулу |