Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XV сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 52
Абды Суеркулов айыл өкмөтүндө жазгы талаа жумуштарына жана малдын жайлоого көчүп конуусуна даярдык көрүү жөнүндө
Абды Суеркулов айыл өкмөтүндө жазгы талаа жумуштарына жана малдын жайлоого көчүп конуусуна даярдык көрүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XV сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүндө жазгы талаа жумуштарына жана малдын жайлоого көчүп конуусуна даярдык көрүү боюнча төмөндөгүдөй иш-чаралар жана төлөм акылары бекитилсин:
1) Жер айдоонун баасы сотыхына 42 сом, грабиль 13 сом, мала 13 сом, агент 15 сом, сеалка 15 сом, косилка 18 сом, пресс 20 сом болуп, (соляркасы ичинде) бекитилсин.
2) Механизаторлор айдап- себүү иштеринде элге белгиленген агротехникалык норманы сактоо менен элге кызмат көрсөтүшсүн.
3) Жери бар дыйкандарга өздөрүнө тиешелүү каналдарды, арыктарды, шак арыктарды мураптардын айтып, белгилеп берүүсү менен милдеттүү түрдө чаап тазалашсын
4) Канал, арыктарды, ички арыктарды тазалоо иштери айыл тургундары менен жүргүзүлсүн жана канал, арыктарды чаап, тазалоо иштерине катышпаган тургундарга кайсыл арыкка тазалоого чыкпаса да канал эле эмес, ММК каналынан да суу берилбестиги эскертилсин.
5) Малдын жайлоого чыгуудагы малчыга төлөнүүчү малдын баасы жылкыга 400 сом, уйга 400 сом, музоосу менен уйга 700 сом, жандык малга 70 сомдон болсун.
6) Малчылардын көчүп- конуу мөөнөттөрү көчүп кетүү 5-майга чейин, ал эми көчүп келүү 10-октябрдан кийинки убакытка белгиленсин.
7) Айдоо, беде аянттарына жана үй участкаларына түшкөн малдарды тартипке келтирүү үчүн үчүн кароолчулукка эл тарабынан сунуштаган адамдар шайлансын.
8) Айдоо, беде аянттарына жана үй участкаларына түшкөн малдын 1 баш жандыкка 200 сомдон, жылкыга 1000 сомдон, уйга 500 сомдон айып пул салынсын.
9) Түшкөн айып пулдар кароолчунун айлык акысына жана атынын жем, чөбүнө, багуусуна жумшалсын.
10) Түшкөн малдардын ээлери айып пул төлөөдөн баш тартса же чатак чыгарса тиешелүү органдарга берилүүсү эскертилсин.
2. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | К.Таалайбек уулу |