Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 5/2
Калкты социалдык жактан тейлөө боюнча жана айылдардагы таштандыларды чыгаруу жөнүндө
Калкты социалдык жактан тейлөө боюнча жана айылдардагы таштандыларды чыгаруу жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Н.Исабековдун маалыматын Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Калкты социалдык жактан тейлөө боюнча жана айылдардагы таштандыларды чыгаруу жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Н.Исабековдун маалыматы айрым кемчилдиктери менен канаатандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Н.Исабеков функционалдык өз милдеттерин аткарууда кемчилдиктерди кетирсе чара көрүү жагы айыл өкмөттүн башчысы Ч.Кадыркуловго сунушталсын.
3. Айыл өкмөтдөгү калктын аярлуу катмарын анализдеп көмөк көрсөтүү жана айыл аймактагы таштандыларды ташып чыгаруу боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары Н.Исабековго жүктөлсүн.
4. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана социалдык маселелер боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага: | К.Карабаев |