Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 5/3
Кош-Дөбө айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө
Бюджеттин аткарылышы тууралуу айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбектин берген маалыматын Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбектин бюджеттин аткарылышы тууралуу берген маалыматы эске алынсын.
2. Айыл Өкмөттүн бюджетинин аткарылышын сметага ылайык иш алып барып, кийинки сессияга бюджеттин жылдык аткарылышы боюнча отчёт берүү жагы айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбекке жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы жана айылдык Кеңештин бюджет комитетине жүктөлсүн
Төрага: | К.Карабаев |