Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 5/9
Мавлянов айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин берген сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймактагы балдар бакчаларда тарбияланып жаткан балдардын күнүмдүк ыссык тамагы үчүн ата-энелерден чогулуучу акча каражаты, бюджет комитетинин берген сунушу жана ата-энелер менен болгон чогулушунун токтомуна ылайык 2022-жылдын 1-январынан баштап бир күнгө төлөнүүчү акча каражаты 25 (жыйырма беш) сомго көтөрүлсүн.
2. Ата-энелерден чогулган акча каражатын эсептеп төктүрүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүн башчысына жана айылдык кеңештин бюджет комитетине жүктөлсүн.
Төрага: | К.Карабаев |