Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 5/10
Мавлянов айылдык Кеңешинин үч комитетинин жалпы берген сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Атана айылындагы А.Конгантиев көчөсүндө жайгашкан “Абыш-Ата” мечитинин короосундагы имарат айылдык кеңештин мыйзамдуулук, социалдык маселелер боюнча жана бюджет комитеттеринин №2 чечимине ылайык, көпчүлүк депутаттардын берген сунушу менен “Келечек муун” коомдук фондуна ижарага берилбесин.
2. “Келечек муун” коомдук фондуна кат жүзүндө жооп берилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүн башчысына жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Айтмырзаевге жүктөлсүн.
Төрага: |
К.Карабаев |