Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-январы №1/3
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2022-жылга Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн киреше-чыгашаларын бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндөгү “Бюджет жана экономика” маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысынын маалыматын Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтунун 2021-жылдын бюджетинин аткарылышын жыл башындагы пландан сырткары алымча кошумча уводемлениелердин негизинде тиркемелерге ылайык, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комссиясына финансы экономика бөлүмүнүн берген маалымат кагаздарын карап талкуулап, жеринде көрүп кемчилдиктерин эске алып канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү өздүк киреше 9084,0 (тогуз миллион сексен төрт миң ) сом, теңдөөчү трансферт 9163,0 (тогуз миллион бир жүз алтымыш үч миң )сом, жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 421,4 (төрт жүз жыйырма бир миң төрт жүз) сом сумма менен бюджеттин каражаттын жалпы суммасы: 18668,4 (он сегиз миллион алты жүз алтымыш сегиз миң төрт жүз) сом, атайын каражаттан ата-энелер төлөмү 1714,7(бир миллион он төрт миӊ жети жуз)сом, дыйкан базардын жыйымынан 499,8(төрт жүз токсон тогуз миң сегиз жүз ) сом сумма кошулуп жалпысы 20882,9 (жыйырма миллион сегиз жүз сексен эки миң тогуз жүз) сом менен тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 421,4 (төрт жүз жыйырма бир миң төрт жүз) сом сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна негиз үчтөн бир бөлүгү 140,5(бир жүз кырк миӊ беш жүз) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө ал эми калган 280,9(эки жүз сексен миң тогуз жүз) сом «Кош-Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесине» которуп берүү үчүн 704-бөлүмүнүн 2215-статьясына чегерилиши менен бекитилсин
4. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджети өздүк бекитилген киреше жана трансферттердин көлөмүнө ылайык бекитилсин.
5. Кош-Дөбө айыл өкмөтунүн 2023-2024-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджети өздүк бекитилген киреше жана трансферттеринин көлөмү тиркемелерге ылайык бекитилсин.
6. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү трансферт “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга жана 2023-2024-жылдардын долбоору Республикалык бюджет жонундогу” мыйзамына негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары белгиленсин.
7. Айыл Өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 200,0 сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110- беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы толоо фондунун чектеринде 300,0( үч жуз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча ар кварталында маалымат берип туруу жагы финансы экономика бөлүмүнүнө милдеттендирилсин.
11. 2022-жыл ичиндеги бюджеттин киреше жана чыгашы бөлүктөрүндөгү акча каражаттарын тиешелүү тармактар жана раздел, статьялар боюнча жайгашылып максаттуу чыгымдоосун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
12. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
13. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы жана айылдык Кеңештин бюджет комитетине жүктөлсүн
Төрага: | К.Карабаев |