Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-январы № 1/4
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын киреше бөлүгүнүн 2022-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын киреше бөлүгүнүн 2022-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө “Бюджет жана экономика” маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысынын маалыматын Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын киреше бөлүгүнөн 2022-жылга калган 2632,0(эки миллион алты жүз отуз эки миң) сом калдык акча каражаты айыл өкмөттүн аймагындагы төмөндөгүдөй муктаждыктарга карата бөлүштүрүлсүн.
- Семет айылынын ички кичи каналдарын бетондоо 905,0 сом Раздел-70111,70629 статья: 2215, 2221, 2222, 3111, 3112
- Айыл өкмөттүн кеңсесинин бөлмөлөрун ремонттоо 184,0 сом Р-70111,70629 статья-2215,2221,2222,3111,3112
- Жалпы орто билим берүү уюмдарына электр товарлары үчүн эски жылдан карыз 18,0 сом Р-70111,70629,70911,70921 статья 2215,2221,2222,3111,3112
- Жаңак ичүүчү таза суу түтүгүн тартуу 900,0 сом Р-70111,70629 статья-2215,2221,2222,3111,3112
- Таш-Жар айылына ичүүчү таза суу түтүгүн тартуу 600,0 сом Р-70111,70629 статья-2215,2221,2222,3111,3112
- ПСД жасоого эски жылдан карыз 25,0 сом Р-70111 ст-2215
Жалпысы: 2632,0 (эки миллион алты жүз отуз эки миң ) сом.
1. Жалпы 2021-жылдан калган 2632,0 сом калдык акча каражаты 2022-жылга аткарууга бөлуштүрүлүүсү боюнча аткарууга алып,жогорудагы бөлүштүрүлүшү боюнча бекитилсин.
2. Жогорудагы акча каражаттарын финансылык планга жайгаштырылыш жагы финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы аталыштагы бөлүнгөн акча каражаттарын мыйзамдуу жана максаттуу аткарылышы, айыл өкмөт башчысына жана “Бюджет жана экономика” маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын милдеттендирилсин.
Төрага: | К.Карабаев |