Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-январы № 1/8
Айыл өкмөттүн алдындагы “Кош-Дөбө тазалык” ишканасын түзүү
Муниципалдык “Кош-Дөбө тазалык” ишканасын түзүү боюнча сунушту Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймакты таштандылардан арылтуу максатында муниципалдык “Кош-Дөбө тазалык” ишканасы түзүлсүн.
2. Түзүлгөн муниципалдык “Кош-Дөбө тазалык” ишканасынын юридикалык иш кагаздарын даярдоо, төрагасын дайындоо жана таштандыларды таштоочу жерди аныктап камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына, социалдык маселелер боюнча жана жер боюнча туруктуу комитеттерине жүктөлсүн.
Төрага: | К.Карабаев |