Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-январы № 1/9
“Келишимди бекитип берүү жөнүндө”
Аксы райондук статистика бөлүмү менен Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Б.Бекмуратовдун билдирүүсүн Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн экономист-статисти (эмгек акы, сапар чыгымы,телефон кызматы) боюнча Аксы райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Б.К.Узаков менен Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.А.Кадыркуловдун ортосунда түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча иштерди алып баруу жана тиешелүү жерге отчётторду, маалыматтарды берүү жагы айыл өкмөттүн экономист-статистине милдеттендирилсин
1. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына, бюджет экономика боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага: | К.Карабаев |