Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-январы № 1/11
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө Полистробетон чыгаруучу цех куруу жөнүндө
Жалал-Абад областык өнүктүрүү фонду тарабынан колдоого алынып жаткан Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө Полистробетон чыгаруучу цех куруу боюнча айыл өкмөттүн башчысынын сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалал-Абад областык өнүктүрүү өнүктүрүү фонду тарабынан колдоого алынып жаткандыктан долбоорлорду даярдап өткөрүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланып айыл аймактагы эң көйгөйлөрдү аныктоо боюнча чогулуштардын жыйынтыктарын эске алуу менен Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө Полистробетон чыгаруучу цех куруу долбоору сунушталсын.
2. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнөн өздүк салым үчүн керектелүүчү 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты 2022-жылдын бюджетинен Р-70629 31113290-статьясынан бөлүнүп берилсин.
3. Жогорудагы долбоорду иштеп чыгуу жана Аксы райондук өнүктүрүү фондуна өз убагында тапшыруу жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
4. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: | К.Карабаев |