Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-январы № 1/13
Улук айылындагы жаңы конуштарды көрктөндүрүү жөнүндө
“Улук айылындагы жаңы конуштарды көрктөндүрүү” боюнча айыл өкмөттүн башчысынын сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Биргелешкен чогулуштун токтомунун негизинде Улук айылын көрктөндүрүү маселеси айыл аймак ичиндеги көйгөйлүү болуп жаткандыгына байланыштуу биринчи орун деп табылсын.
2. Биринчи орун деп табылган Улук айылын көрктөндүрүү боюнча ар тараптан колдоого алынсын жана долбоордун суралып жаткан жалпы суммасы 1000000 (бир миллион) сомдун, өздүк салымы үчүн 600 000 (алты жүз миң) сому жергиликтүү бюджеттин Р-706 29, 2215, 2222, 3111, 3112 -статьяларынан бөлүнүп берилсин.
3. Аксы шаар куруу жана архитектуралык башкармалыгына келишимдин негизинде АПУ, ИТУ жана ПСД жумуштарынын акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Айтмырзаевга жана мыйзамдуулук комитетине жүктөлсүн.
Төрага: | К.Карабаев |