Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 31-марты № 2/1
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга бюджеттин сметасын жана тарифин бекитүү жөнүндө
2009-жылдын 26-январындагы №30 “Жайыт” мыйзамынын 8-беренесине ылайык Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга бюджетинин долбоорун жана тарифин бекитүү боюнча ЖПБнын төрагасы Б.Бекмуратовдун берген маалыматын Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга карата бюджетинин долбоору алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга карата бюджети 455200 (төрт жүз элүү беш миң эки жүз) сомду түзүп, 3/1 пайызы айыл өкмөттүн бюджетине төгүлүүчү акча каражаты ЖПБ которулуп берилсин.
3. Жайыт акчасы 1 жылга ар бир башына кара мал жана жылкыга – 75сом, кой-эчкиге – 15сом болуп бекитилсин.
4. Жакынкы жайыттарды пайдалануучулар кой-эчкинин башын үч жүздөн ашырылбасын.
5. Бардык айылдарда 25-апрелден баштап 1 баш саан уй жана 1 мингич аттан башкасы жакынкы жана алыскы жайлоолорго чыгарылсын.
6. Башка айыл өкмөттөрдөн келген чоң малга ар бир башына – 300 сомдон, майда жандык (кой, эчки) ар бир башына – 100 жайыт салыгы алынсын.
7. Техникаларды айдоочулар менен келишим түзүлүп, келишимге ылайык кошумча смета түзүү жагы ЖПБнын төрагасына жүктөлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын “Жайыт” мыйзамын бузган жайыт пайдалануучуларга Бузуулар кодексине ылайык иш алып баруу боюнча эскертилсин.
9. Жугуштуу орууларды алдын алуу боюнча айыл өкмөттүн вет адиси менен биргеликте иш алып баруу жана жакынкы жана алыскы жайыттарга ЖПБнын иш-чарасына ылайык жайыт пайдалануучуларга шаттарды түзүү боюнча иш алып баруу, малдын башын аныктоо жагы ЖПБнын төрагасына жүктөлсүн.
10. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
11. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Карабаев |