Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 31-марты № 2/2
“Бозбу Таза Суу”ИСКАКБнын 2022-жылга сметасын жана тарифин бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине ылайык “Бозбу Таза Суу”ИСКАКБнын 2022-жылга сметасын жана тарифин бекитүү боюнча “Бозбу Таза Суу”ИСКАКБнын төрагасы Н.Ызабековдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Бозбу Таза Суу”ИСКАКБнын 2022-жылга бюджетинин долбоору алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. “Бозбу Таза Суу”ИСКАКБнын 2022-жылга карата бюджети 2 139 600 (эки миллион бир жүз отуз тогуз миң алты жүз) сом менен бекитилсин.
3. Таза суу үчүн төлөнүүчү акча каражаты үйүнөн таза суу чыгарып алгандар үчүн ар бир кожолук 1 жылга – 1200 сом, ал эми көчөдөн суу ташып ичүүчү ар бир кожолук 1 жылга – 600 сом болуп белгиленсин.
4. Айыл өкмөттүн социалдык комиссиясынын чечиминин негизинде (аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана согуштун ардагерлери) жеңилдиктер берилсин.
5. Айыл аймакта жайгашкан мекеме-уюмдардан чыккан таза сууга акча каражаты алынбасын.
6. Үйүнөн биринчи жолу таза суу чыгарып алуучулар жети миң сомдон алынып, 0,10 өлчөмдөгү таза суу түтүкчөсү менен тартылып алынсын.
7. Өз билемдик менен таза суу түтүкчөсүн үйүнө тартып жана белгиленбеген жерге таза суу чыгарып алгандарга бузуулар кодексине ылайык иш алып барылсын.
8. “Бозбу Таза Суу”ИСКАКБ өз алдынча жумушун түптөп кетүүгө айыл өкмөт тарабынан акча каражаты бөлүнүп берип туруу жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн
9. Элди үзгүлтүксүз ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана инвесторлорду тартып келип таза суу жетбеген айылдарды, көчөлөрдү ичүүчү таза суу чыгаруу жагы “Бозбу Таза Суу”ИСКАКБнын төрагасы Н.Ызабековго жүктөлсүн
10. Аталган токтомду www.koshbobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
11. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
жүктөлсүн.
Төрага: | К.Карабаев |