Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 31-марты № 2/3
“Кош-Дөбө Тазалык” ишканасынын 2022-жылга сметасын жана тарифин бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине ылайык “Кош-Дөбө Тазалык” ишканасынын 2022-жылга сметасын жана тарифин бекитүү боюнча “Кош-Дөбө Тазалык” ишканасынын башчысы З.Айтмаматовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
12. “Кош-Дөбө Тазалык” ишканасынын 2022-жылга бюджетинин долбоору алымча кошумчасы менен бекитилсин.
13. “Кош-Дөбө Тазалык” ишканасынын 2022-жылга карата бюджети 2 422 320 (эки миллион төрт жүз жыйырма эки миң үч жүз жыйырма) сом менен бекитилсин.
14. Таштандыларды чыгаруу үчүн төлөнүүчү акча каражаты ар бир кожолук 1айга – 60 сомдон, ал эми 3 мешоктон ашык таштандыларга келишимдин негизинде төлөө менен бекитилсин.
15. 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Тазалык ишканасынын жумушун баштоо жана керектүү иш кагаздарын тактоо үчүн кошумча каражат катары (субсидия) 360 000 (үч жүз алтымыш миң) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
16. Айыл өкмөттүн социалдык комиссиясынын чечиминин негизинде (аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана согуштун ардагерлери) жеңилдиктер берилсин.
17. Бардык мекеме уюмдардан жана айыл аймактагы дүкөн, ишканалар бир айга
100 сомдон алынсын, ал эми дыйкан базарынан келишимдин негизинде акча каражаты алынсын
18. Таштандыларды өз билемдик менен белгиленбеген жерге алып барып таштаган атуулдарга Бузуулар кодексине ылайык иш алып барылсын.
19. Бардык айылдарга барып таштандыларды чыгаруу үчүн атайын график түзүлүп, графиктин негизинде иш алып баруу жана талаадагы таштандыларды тазалоо иштерин уюштуруу жагы “Кош-Дөбө Тазалык” ишканасынын башчысы З.Айтмаматовго жүктөлсүн.
20. Аталган токтомду www.koshbobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
21. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Карабаев |