Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 31-марты № 2/4
Сугат суунун тарифин бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Сугат суунун тарифин бекитүү жөнүндөгү СПАнын башчысы С.Кулманбетовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сугат суунун акча каражаты 10литр сууга 100сом болуп бекитилсин.
2. Сугат сууну үнөмдүү пайдалануу максатында 12 сааттан суу берилсин.
3. Сугат сууну өз убагында дыйкандарга жеткирүү жана камсыз кылуу жагы СПАнын башчысына жүктөлсүн.
4. Өз билемдик менен сугат сууну буруп алгандарга бузуулар кодексине ылайык чара колдонулсун.
5. Аталган токтомду www.koshbobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Карабаев |