Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 31-марты № 2/5
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Аксы райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун сураныч катына негиз жана айыл өкмөттүн башчысынын кайрылуусун Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ф-50 аныктамысынын негизинде азыркы учурда 13 жумалык наристе төрөлгөндөн кийин, эне сүтүн эмбегендигине байланыштуу 12 айга болжолдуу түрдө 117-банка жасалма сүт азыгы керек болгондуктан, бюджеттен 73710 (жетимиш үч миң жети жүз он) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Наристе төрөлгөндөн кийин акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Карабаев |