Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-майы № 02
Кара-Балта шаардык кеңешинин ХХХ – чакырылышынын төрагасын шайлоо жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33, 34, 39, 40 – беренелерине ылайык, жана ошондой эле “Кара-Балта шаардык кеңешинин ХХХ – чакырылышынын төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу” эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаардык кеңешинин ХХХ – чакырылышынын төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2022-жылдын 12-майындагы № 1, 2 протоколдору бекитилсин.
2. Кара-Балта шаардык кеңешинин ХХХ – чакырылышынын төрагасы Дуйшеналиев Мирбек Кубанычбекович эсептелинсин.
3. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
Таркатылсын: көктөмөгө, КР БШКга, Жайыл райондук ЖШКга, ЖРМА, мэрияга.
Төрагалык кылган “Социал Демократтар” с/п депутаты |
Н.И. Ладожинская |