Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 01-5/267
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын № 01-36/1846 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XХХ сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын № 01-36/1846 сандуу кайрылуусун жана шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын № 01-36/1846 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын Н.Исанов атындагы жатак гимназиясынын ашканасын капиталдык ремонттон өткөрүүгө жалпы сметалык баасы 3 289 875 (үч миллион эки жүз сексен тогуз миң сегиз жүз жетимиш беш) сомдук долбоору приоритеттүү деп табып, дем берүүчү (үлүштүк) гранттын кароосуна сунушталсын.
4. Жергиликтүү 2021-жылдын бюджетинин эсебинен өздүк салымга 657 975 (алты жүз элүү жети миң тогуз жүз жетимиш беш) сом бөлүнүп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |