Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 01-5/268
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын № 01-36/1847 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XХХ сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын № 01-36/1847 сандуу кайрылуусун жана шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын № 01-36/1847 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын № 15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин терезелерин металлопластик терезелерге алмаштыруу жана фасадын актоого жалпы сметалык баасы 4 920 875 (төрт миллион тогуз жүз жыйырма миң сегиз жүз жетимиш беш) сомдук долбоору приоритеттүү деп табып, дем берүүчү (үлүштүк) гранттын кароосуна сунушталсын.
4. Жергиликтүү 2021-жылдын бюджетинин эсебинен өздүк салымга 1 968 350 (бир миллион тогуз жүз алтымыш сегиз миң үч жүз элүү) сом бөлүнүп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |