Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 01-5/269
Шаар аймагында жайгашкан Билим берүү мекемелеринин иштөө абалын текшерүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XХХ сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин иш-планына ыйлайык, шаар аймагында жайгашкан Билим берүү мекемелеринин иштөө абалын текшерүү боюнча шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын аймагында жайгашкан Билим берүү мекемелеринин иштөө абалы (тарбиялык иштери, балдардын сабакка катышуусу, тазалыгы, тамактануусу) канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |