Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 01-5/270
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XХХ сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “СДПК” фракциясынын депутаттарынын сунушу менен төрагалыкка Я.Т.Абдурахмановду көрсөтүшүп жана “Ата-Журт” фракциясынын депутаты, шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.М.Нышанкуловдун шаардык Кеңештин төрагасын шайлоо боюнча ачык добуш берүүгө сунушун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “СДПК” фракциясынын депутаттарынын сунушу менен төрагалыкка Я.Т.Абдурахмановду көрсөтүшүп жана “Ата-Журт” фракциясынын депутаты, шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.М.Нышанкуловдун шаардык Кеңештин төрагасын шайлоо боюнча ачык добуш берүүгө сунушу канааттандырылсын.
2. Абдурахманов Ядгоржон Турсунбаевич жергиликтүү шаардык Кеңештин депутаттарынын, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы болуп бир добуштан шайланды деп эсептелинсин.
Төраганын орун басары | С.Т.Маматкулов |