Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 01-5/272
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын №01-36/1872 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХХ сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 25-декабрындагы №01-36/1872 сандуу кайрылуусун жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 25-декабрындагы №01-36/1876 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жана Сатып алуу бөлүмүнүн кызматкерлерине эки өлчөмүндө сыйлоо акысын мыйзам чегинде бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы А.Шерматовго жана эсепчи У.Турдубаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |