Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-марты № 01-5/67
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 29-мартындагы №01-36/405 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 29-мартындагы №01-36/405 сандуу кайрылуусунда Кочкор-Ата шаарынын мэриясына эки даана атайын техника алууга 10 000 000 (он миллион) сомдук долбоорун приоритеттүү деп табып, өздүк салымга жалпы сметалык баанын 30 пайызын тактап айтканда таштанды ташуучу техниканын баасы 6 500 000 (алты миллион беш жүз миң) сом, асфальт жуучу техниканын баасы 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сом, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өздүк салымын жалпы 3 000 000 (үч миллион) сом бөлүп берүү боюнча кайрылуусун жана шаардык Кеӊешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин” жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 29-мартындагы № 01-36/405 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын мэриясына эки даана атайын техника алууга 10 000 000 (он миллион) сомдук долбоору приоритеттүү деп табылсын, өздүк салымга жалпы сметалык баанын 30 пайызын 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражаты 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеӊештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | С.П.Маматкулов |