Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-марты № 01-5/68
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 29-мартындагы 01-36/406 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз-XIII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү урп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгына ылайык, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 10-мартындагы №1 протоколунун чечимин, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 29-мартындагы 01-36/406 сандуу кайрылуусун негизинде шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 29-мартындагы 01-36/406 сандуу кайрылуусу канаттаандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгына ылайык, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 10-мартындагы №1 протоколуна киргизилген 15 пункттан турган чечими аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясынын мэри А.Т.Жумаевге жана (КААБ) коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | С.П. Маматкулов |