Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-марты № 01-5/69
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин 2022-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин 2022-жылга бюджетин бекитүү боюнча берген корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексин» жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. 2022-жылга Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин 2022-жылга бюджетин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык 2 000 000 (эки миллион) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысына жана мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | С.П.Маматкулов |