Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-марты № 01-5/70
Кочкор-Ата шаарынын архитектуралык жактан көркүнө келтирүү максатында, шаар аймагындагы мыйзамсыз курулган жана жолго чыгып кеткен объектилерди, үйлөрдү, орнотулган тосмолорду мыйзам чегинде алуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин депутаты Т.М.Мамадияровдун сунушу менен Кочкор-Ата шаарынын архитектуралык жактан көркүнө келтирүү максатында, шаар аймагындагы мыйзамсыз курулган жана жолго чыгып кеткен объектилерди, үйлөрдү, орнотулган тосмолорду мыйзам чегинде алуу боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин ” жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин депутаты Т.М.Мамадияровдун сунушу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын архитектуралык жактан көркүнө келтирүү максатында, шаар аймагындагы мыйзамсыз курулган жана жолго чыгып кеткен объектилерди, үйлөрдү, орнотулган тосмолорду алуу боюнча мыйзамдуулугун шаар мэриясынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча адиси А.Нуркамиловага жана муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясынын мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеӊештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | С.П.Маматкулов |