Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-августу № 4
Жарандардын арызын кароо жөнүндө
Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылынын тургуну Усон уулу Бектурсундун сериясы Ч№398844, Кара-Суу райондук Мамкаттоо башкармалыгында 17.07.2012- жылы №26485 сан менен катталган мамлекеттик актысына ылайык жеке менчигинде болгон, Ташлак айылындагы , айыл чарба өндүрүшүнө жараксыз болгон 0,50 га жер аянтын багытын которуп берүүнү сураган арызын карап, бул боюнча «Кыргызмамжердолбоор» институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 19.10.2009-жылдагы №200 жана 29.10.2010-жылдагы №292 корутундууларын жана Ош облусунун райондор аралык сотунун 10.03.2015-жылдагы аталган жер аянтынын багытын өзгөртүү боюнча Шарк айылдык аймагынын милдеттендирген чечимин карап жана талкуулап Шарк айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызмамжердолбоор» институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 19.10.2009-жылдагы №200 жана 29.10.2010-жылдагы №292 корутундууларын жана Ош облусунун райондор аралык сотунун 10.03.2015-жылдагы аталган жер аянтынын багытын өзгөртүү боюнча Шарк айылдык аймагын милдетедирген чечимин негизинде Ташлак айылынын №532 – контурундагы Усон уулу Бектурсундун жеке менчиктеги айыл чарбасына жараксызз болгон 0,50 га жер аянтынын багытын өзгөртүүгө маакулдук берилсин.
2. Ташлак айылынын №532 – контурундагы айыл чарбасына жараксыз болгон 0,50 га жер аянтынын багытын «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер» жерлер багытына которуу маселеси тийиштүү мекемелерден суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Шарк айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Тезекбаевге, көзөмөлдөө жагын Шарк айылдык кенешинин жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кенешинин төрагасы: | А. Салиев |