Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-марты № 01-5/71
Социалдык жардамга муктаж болгон шаар тургундарынын материалдык жардам сураган арыздарын кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезекcиз XIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Луговая көчөсүнүн №124 үйүнүн тургуну М.Мамадалиеванын, Луговая көчөсүнүн №119 үйүнүн тургуну Ф.Султанованын, Октябрьская көчөсүнүн 9-2 үйүнүн тургуну И.Дуйшееванын, Пролетарская көчөсүнүн №38 тургуну Т.Ташматовдун жана Токтогул көчөсүнүн тургуну А.Акматованын материалдык жардам сураган арыздары боюнча шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин” жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын Луговая көчөсүнүн №124 үйүнүн тургуну М.Мамадалиеванын, Луговая көчөсүнүн №119 үйүнүн тургуну Ф.Султанованын, Октябрьская көчөсүнүн №9-2 үйүнүн тургуну И.Дуйшееванын, Пролетарская көчөсүнүн №38 үйүнүн тургуну Т.Ташматовдун жана Токтогул көчөсүнүн тургуну А.Акматованын арыздары канааттандырылсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын тургундарына:
-М.Мамадалиевага 30000 (отуз миӊ) сом;
-Ф.Султановага 50000 (элүү миӊ) сом;
-И.Дуйшеевага 20000 (жыйырма миӊ) сом;
-Т.Ташматовго 50000 (элүү миӊ) сом;
-А.Акматовага 50000 (элүү миӊ) сом акча каражаты материалдык жардам катары бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | С.П.Маматкулов |