Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-январы № 01-5/273
Дорбанов Тиркеш Эргешовичти Ноокен районунун “Ардактуу Атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХХI сессиясы, Дорбанов Тиркеш Эргешовичти Ноокен районунун “Ардактуу Атуулу” наамына сунуштоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын Садовая көчөсүнүн тургуну Дорбанов Тиркеш Эргешович көп жылдык эмгеги жана шаарыбыздын өсүп-өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн, Ноокен районунун “Ардактуу Атуулу” наамына сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэриясынын аппарат жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |