Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-январы № 01-5/274
Кочкор-Ата шаар мэриясынын №01-36/1640 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө (шаардын баштапкы планын кароо)
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХХI сессиясы, Кочкор-Ата шаар мэриясынын №01-36/1640 сандуу кайрылуусун, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 27-майындагы № 5-нпа буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шааркуруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө эрежелер топтомун”, ушул эрежелер топтомунда каралган шааркуруу документтерин иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1372-XII «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө», 2004-жылдын 22-майындагы №67 «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө», 1991-жылдын 21-декабрындагы № 689-XII, 2008-жылдын 30-майындагы № 252 Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жөнүндө жобо» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын №01-36/1640 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын баштапкы планынын долбоору Кыргыз Республикасынын шааркуруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө эрежелер топтомуна ылайык жана сессия учурунда айтылган сунуштарды эске алуу менен бекитилсин.
4. Шааркуруу документтеринин түп нускаларынын жупнускалары 1(бир) даанадан, Кочкор-Ата шаар мэриясына жана шаардык Кеңешине, Ноокен райондук архитектура жана шааркурулуш башкармалыгына жана Ноокен райондук мамлекеттик каттоо кызматына тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун кабыл алынган күнү жана номери чиймелердин жупнускаларында көрсөтүлсүн.
6. ПДПга керектелүүчү акча каражаты сметага ылайык 2021-жылдын бюджетине киргизилсин.
7. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы А.Б.Шерматовго милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |