Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-февралы № 01-5/275
Шаардык Кеңештин иш-мерчемин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХХII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2021-жылга аткарылуучу иштердин иш-мерчеминин долбоорун угуп жана талкуулап, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2021-жылга түзүлгөн иш-мерчеми №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2020-жылга иш-мерчемин бекитүү жөнүндө №01-5/200 сандуу токтому аткарылган катары көзөмөлдөн алынсын.
3. Шаардык Кеңештин 2021-жылга бекитилген иш-мерчеминин пункттарынын аткарылышын камсыз кылууну шаардык Кеңештин жооптуу катчысына жана туруктуу комиссиялардын төрагаларына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |