Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-февралы № 01-5/279
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын 2020-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын отчетун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХХII сессиясы, Кочкор-Ата шаар мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын, 2020-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү боюнча берген отчётун жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын, 2020-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү боюнча берген отчету «канааттандырарлык» деп табылсын.
3. 2020-жылдын 01-февралындагы №01-5/206 жана №01-5/207–токтомдору аткарылган катары көзөмөлдөн алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |