Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-февралы № 01-5/280
Кочкор-Ата шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХХII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.М.Мамадияровдун Кочкор-Ата шаарынын 2021-жылга жергиликтүу бюджетинин бекитүү боюнча берген корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. 2021-жылга Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык 112 127 500 (бир жүз он эки миллион бир жүз жыйырма жети миң беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2021-жылга Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №2 тиркемеге ылайык 112 127 500 (бир жүз он эки миллион бир жүз жыйырма жети миң беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилип, киреше салыгынан 92 000 000 сом, айыл чарбасында болбогон жер салыгынан 2 050 000 сом, ыктыярдуу патент 7 038 000 сом, башка салыктар 11 039 500 сом, жана төмөндөгүдөй болуп бөлүнсүн:
шаардык Кеңештин аппаратынын чыгымы 1 649 300 сом, анын ичинен:
-аппарат кызматкерлеринин эмгек маянасы 1 247 700 сом;
-социалдык фондго чегерүүлөр 185 000 сом;
-сапар чыгымына 95 000 сом;
-байланыш түйүнү 21 600 сом жана түрдүү чыгымына 100 000 сом.
шаардык мэриянын аппаратынын чыгымы 8 945 600 сом, анын ичинен:
-аппарат кызматкерлеринин эмгек маянасы 3 832 800 сом;
- социалдык фондго чегерүү 567 800 сом;
-сапар чыгымы 600 000 сом, суу чыгымына 22 000 сом;
- эл.энергия 128 000 сом; жумшак жана катуу буюмдар чыгымына 200 000 сом;
- байланыш түйүнү үчүн 275 000 сом;
- чарбалык буюмдар үчүн 200 000 сом;
-түрдүү чыгым, улуттук масштабдагы иш-чараларга, даталуу күндөрдү белгилөө үчүн 1 500 000 сом;
-жаштардын жылдык иш – чарасына 314 000 сом;
-резервдик фонд 1 101 000 сом;
-1С программасын орнотуу үчүн Эсептөө палатасынын актысында көрсөтүлгөн 80 000 сом;
-жолбун иттерди атууга 100 000 сом;
-жылдын аягына карата өткөрүүлүчү мал санагына жана үй канаттууларынын санагына 25 000 сом;
Шаар мэриясынын социалдык бөлүмүнө:
-материалдык жардамга муктаж болгон жарандарга 2 500 000 сом.
№ 14 Губкин атындагы орто мектепке жалпы сумма 7 539 700 сом, анын ичинен:
-Таза сууга 109 100 сом, электр энергиясына 157 900 сом, жылуулук чыгымы 4 109 000 сом ,түрдүү чыгым 50 000 сом, спорттук шаймандар үчүн 40 000 сом, санитардык чыгым 38 700 сом, спорт аянтча куру үчүн 3 000 000 сом, кыш мезгилине карата утурумдук ремонт чыгымы 35 000 сом;
№15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектепке жалпы сумма 6 441 500 сом, анын ичинен:
-Таза сууга 108 100 сом, электр энергиясына 157 900 сом, жылуулук чыгымы 3 673 900 сом ,түрдүү чыгым 50 000 сом, спорттук шаймандар үчүн 40 000 сом, санитардык чыгым 38 700 сом, эмеректерди сатып алууга 350 000 сом, имараттын терезелерин алмаштырууга 1 856 907 сом, раковина орнотууга 131 000 сом, кыш мезгилине карата утурумдук ремонт чыгымы 35 000 сом;
№28 Ч.Айтматов атындагы орто мектепке жалпы сумма 10 994 100 сом, анын ичинен;
-Таза сууга 64 000 сом, электр энергиясына 157 900 сом, жылуулук чыгымы 2 613 500 сом, түрдүү чыгым 50 000 сом, спорттук шаймандар үчүн 40 000 сом, санитардык чыгым 38700 сом, спортзал куруу үчүн 8 000 000 сом, кыш мезгилине карата утурумдук ремонт чыгымы 30 000 сом;
Китепканага жалпы сумма 393 800 сом анын ичинен:
-эмгек маянасы 275 700 сом, соц.фондго чегерүү 47 600 сом, сапар чыгымы 20 000 сом, эл.энергиясына 7 500 сом, суу чыгымы 10 000 сом, түрдүү чыгым концелярдык товарларга 15 000 сом, байланыш түйүнү үчүн 18 000 сом;
№45 «Наристем» балдар бакчасына жалпы сумма 1 706 500 сом , анын ичинен:
-сууга 116 900 сом,эл.энергия 135 000 сом, санитардык чыгым 20 700 сом, газ 35 000 сом, байланыш түйүнү үчүн 18 000 сом, тамак-аш чыгымы 720 900 сом, жылытуу чыгымына (көмүр) 180 000 сом, чарбалык товарлар үчүн 300 000 сом, конц.товарлар үчүн 30 000 сом, имараттын ичин жасалгалоо, окуу куралдарды жана оюнчуктарды алууга 100 000 сом, утурумдук ремонтунун материалдарын алып берүүгө 50 000 сом;
№15 «Жомок» балдар бакчасына жалпы сумма 1 504 900 сом, анын ичинен:
-сууга 45 300 сом, эл.энергия 45 000 сом, санитардык чыгым 20 700 сом, газ 30 600 сом,
байланыш түйүнү үчүн 18 000 сом, тамак-аш чыгымына 384 400 сом, жылуулук чыгымы 445 900 сом, чарбалык товарлар үчүн 150 000 сом, конц.товарлар үчүн 15 000 сом, имараттын ичин жасалгалоо, окуу куралдарды жана оюнчуктарды алууга 50 000 сом, резервуарын оңдоого, утурумдук ремонтуна 300 000 сом;
Ландыш балдар бакчасына жалпы сумма 1 690 900 сом , анын ичинен:
-сууга 100 000 сом, эл. энергияга 100 000 сом, санитардык чыгым 20 700 сом, газ 20 000 сом, байланыш түйүнү үчүн 18 000 сом, тамак-аш чыгымы 462 200 сом, жылытуу чыгымына (көмүр) 100 000 сом, чарбалык товарлар үчүн 200 000 сом, конц.товарлар үчүн 20 000 сом, имараттын ичин жасалгалоо, окуу куралдарды жана оюнчуктарды алууга 150 000 сом, түрдүү буюмдар чыгымы 400 000 сом, казан-очок курууга 100 000 сом;
Балдар бакчасынын ата-энелерден түшүүчү взносунан тамак аш чыгымына 2 000 000 сом.
Спорт мектебине жалпы сумма 1 998 900 сом , анын ичинен:
-сапар чыгымына: Кыргызстандын ичинде 800 000 сом, чет өлкөлөргө 500 000 сом;
-спорттук кийимдерди алууга 248 900 сом; түрдүү чыгымга 400 000 сом; катуу жана жумшак буюмдар үчүн 50 000 сом.
Балдар чыгармачылык үйү жалпы сумма 361 100 сом, анын ичинен:
-Сапар чыгымы 35 000 сом, эл.энергия 4 000 сом, жылуулук чыгымы 288 100 сом, түрдүү чыгым 34 000 сом;
ЖКК боюнча жалпысы 64 401 200 сом, анын ичинен:
-Тазалык ишканасы үчүн 8 850 000 сом,
-электр энергиясы үчүн 800 000 сом,
-МЧС кызмат көрсөтүүгө, проектилерди даярдатууга жана технадзордун кызмат көрсөтүүсүнө 2 500 000 сом,
-курулуш иштерине 52 251 200 сом.
4. 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын көрсөтүүчү чыгаша чыгымдарын жана коммуналдык чыгымдарын эске алуу менен пландаштырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын мэрине жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын .
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |