Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-февралы № 01-5/281
Жыл башында калган калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХХII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын Кочкор-Ата шаарынын 2021-жылдын жыл башында калган калдыкты бөлүштүрүү боюнча берген корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. 2020-жылдын жыл башында калган 53 052 656 (элүү үч миллион элүү эки миң алты жүз элүү алты) сом калдык акча каражаты 2021-жылга төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
-шаардык Кеңештин жана шаардык мэриянын аппарат кызматкерлерине ар бир жумушчу күнүнө 350 сомдон компенсация;
-юристке жылына 189 818 сомдон, эмгек маянасы 165 368 сом, социалдык фондго чегерүүсү 24 450 сом;
Жылдын жыйынтыгы менен шаардык Кеңештин аппараты жана шаар мэриясынын аппарат кызматкерлерине төрт өлчөмүндө сыйлоо акысынын жалпы суммасы 1 798 633 сом, анын ичинен: сыйлоо акысы 1 534 016 сом, социалдык фондго чегерүүсү 264 617 сом;
-коомдук алдын алуу борборун (КААБ) кварталдык сыйлоого 619 215 сом жалпы суммасы 534 000 сом, социалдык фондго чегерүү 85 215 сом;
-Фрунзе к. жолдорун реконструкциялоого 4 627 300 сом;
-Токтогул к. орус мазардан жогору асфальт бастыруу үчүн 4 734 107 сом;
-Ломоносов көчөсүнүн жолдорун асфальттоо, жарыктандыруу 8 564 115 сом;
-8-март көчөлөрүн асфальттоого өздүк салым 1 151 120 сом;
-Компьютер сатып алууга Жомок, Наристем, ДДТ, Ландыш 231 000 сом;
-Капиталдык ремонт ТБ 465 900 сом;
-Щебень төгүүгө, Келечек 750 136 сом;
-Ош Нуржолстрой жолдорго щебень төгүү 1 349 700 сом;
-ОсОО “АБЗ” Ленина, жолду реконструкциялоо 987 400 сом;
-Мугалимдердин жана чарба кызматкерлеринин коммуналдык чыгымдары үчүн социалдык төлөмдөрү менен бирге 1 500 000 сом;
-ОсОО «Тайыр» Ленина 1 612 800 сом;
-ОсОО «Тайыр» Токтогула 1 997 800 сом;
-ОсОО «Гидрострой» проекти текущий ремонт Д/сад, лотковый сел канал 327 595 сом.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |