Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-февралы № 01-5/282
Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2020-жылга аткарган иштери боюнча отчетун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХХII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2020-жыл аралыгында аткарган иштеринин отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2020-жыл аралыгында аткарган иштеринин отчету
«канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын директору Э.Маматовго:
-төлөмдөрдөн түшкөн акча каражаттын кирешесин көбөйтүүнүн планын иштеп чыгууну;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сапаттуу кызматтарды алуу, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө;
-шаардын көчөлөрүнө бак-дарактардын жана гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузууну, сейил бактарын, жээк жолдорун, көчөлөрдү жашылдандыруу боюнча иштерди 2021-жыл аралыгында жүргүзүүнү;
-таштандыларды көчөлөрдү кыдырып ташып чыгаруу боюнча графигин түзүп шаар тургундарына жарыя кылууну;
-таштандыларды ташып чыгарууда абоненттер менен иштөөнүн сапатын жогорулатууну;
-Комерциялык багыттагы сода-сатык иштерин жүргүзгөн жеке секторлорго жана юридикалык жактарга таштандыларды ташып чыгаруу боюнча тарифин көтөрүү чараларын көрүү жана ар бир ишкер менен келишим түзүү милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдетендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |