Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-февралы № 01-5/283
Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2021-жылга таштандыларды ташып чыгаруу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХХII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2021-жылга таштандыларды ташып чыгаруу тарифин бекитип берүү боюнча сунушун жана шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын жетекчисинин, 2021-жылга таштандыларды ташып чыгаруу тарифин бекитип берүү боюнча сунушу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2021-жылга таштандыларды ташып чыгаруу тарифи, №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |
| БЕКИТЕМ Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы Я.Т.Абдурахманов ___________ХХVII-чакырылышынын кезектеги ХХХII сессиясынын №01-5/283 сандуу токтомуна тиркеме |
2021-жыл үчүн шаар аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн сунушталуучу тарифтердин баасы
№ | Тарифтин түрү | Көлөмү | Баасы (сом менен) |
1 | Көп кабаттуу үйлөрдүн батирлери | 1 адамга | 16 |
2 | Жер үйлөргө | 1 адамга | 17 |
3 | Мекеме-ишканаларга жана коммерциялык жактарга | 1 м3 | 670 |
4 | Суюк таштандыларды чыгаруу | 1 м3 | 600 |
5 | Септик | 1 м3 | 325 |
6 | Өзү ташып чыгаруу | 1 м3 | 100 |
Башкы эсепчи | Маматкулов С.М. |