Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-февралы № 01-5/284
Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин бир жылдык отчетун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХХII сессиясы, мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин 2020-жыл аралыгында аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин бир жыл аралыгында аткарган иштеринин, ижарага берилген жерлердин, имараттардын, ижарадан түшкөн акча каражаттарынын пайдаланышы жөнүндөгү отчету «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан белгиленген 2020-жыл аралыгында келтирилген кемчиликтерди жоюу жана ага жол бербөөнү, муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөржай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |