Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-февралы № 01-5/285
Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин 2021-жылга штаттык бирдигин жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХХII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысынын 2021–жылга карата түзүлгөн штаттык бирдигин жана бюджетин бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун жана шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы А.Шерматовдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, карж-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин 2021-жылга карата түзүлгөн бюджеттик киреше 1 507 416 сом жана чыгаша бөлүгү 1 384 658 сом өлчөмүндө жана штаттык бирдиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы А.Шерматовго жана эсепчиси У.Турдубаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» жана «Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |