Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-февралы № 01-5/286
Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин Жобосун бекитип берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХХII сессиясы, Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин №01-36/103 сандуу кайрылуусун жана шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин №01-36/103 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын.
3. Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин Жобосу бекитилсин жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгына кайрадан катталсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |