Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 5-апрели № 24
Бишкек шаарынын 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттемелерди эске алуу менен кирешелер боюнча 8651573,5 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 8292921,7 миң сом суммасында, чыгашалардан ашкан кирешелер боюнча 358651,8 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага | К.Конгантиев |