Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-майы № 01-5/03
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №1, 2-протоколдорун бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын I-сессиясы, эсептөө комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын төрагасы Мамадияров Талайбек Мажитовичтин билдирүүсү эске алынсын.
2. Шаардык Кеӊештин төрагасын шайлоонун натыйжалары боюнча, эсептөө комиссиясынын №1,2–протоколдору бекитилсин.
3. Абдуразаков Нургазы Абдуразакович жергиликтүү Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы болуп бир добуштан шайланды.
Төрайым | К.Ажибаева |