Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-июну № 01-5/06
Кочкор-Ата шаарынын мэрин шайлоо боюнча Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы, Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А.Курманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А.Курманкуловдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын мэрин шайлоо натыйжалары боюнча Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу бекитилсин.
3. Жумаев Алтынбек Токтомуратович жергиликтүү шаардык Кеӊештин депутаттары тарабынан, Кочкор-Ата шаарынын мэри болуп бир добуштан шайланды.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |